Эпистола адабияты - көркөм чыгарма же публицистика катары жазылган же кийинчерээк иштелип чыккан каттар.

Ал ар кандай эскерүүлөрдөн, күндөлүктөн бир жакка же кимдир бирөөгө (адресатка) карата жазылганы менен айырмаланат. Анын алгачкы үлгүлөрү антикалык доордо риториканын стилинде жазылган. Буга Эпикурдун, Цицерондун, Сенеканын каттары мисал.

Эпистола адабияты ар кайсы мезгилде ар башка багытта өөрчүгөн. Мисалы, Визаптияда публицистиканын алдыңкы жанрына айланган; Европада орто кылымда монастырлардын өз ара жазышкан каттары диний полемиканын бирден бир негизги каражаты болгон; Кайра жаралуу доорунда каттар аркылуу сатиранын негизги ыкмалары калыпка салынган; 17-18-кылымда каттар тике интеллектуалдык мамилени туюнтуунун ийкемдүү жанры болгон (Б. Паскаль, «Элеттиктин каттары»; Вольтердин каттары ж. б.). Бу кылымдардагы Эпистола адабиятынын туундуларынан Ж. Свифттин жеке каттардан куралган «Стелла күндөлүгүнө», Монтескьёнун ойдон чыгарылып жазылган «Персия каттары» романына (1721) маанилүү орун таандык. «Столла күндөлүгү» англис социалдык-психол. тарыхый романын баштаса, «Персия каттары» европа адабиятында эпистола романтикалык чыгармачылыктын кенен жайылышына өбөлгө түзгөн: С. Ричардсондун «Памела», «Кларисса», Т. Смолеттинин «Хамфри Клинкердин саякаты», Ж. Ж. Руссонун «Юлия же Жаңы Эяоиза», Гётенин «Жаш Вертер тарткан азап» романдары.

Кыргыз адабиятында Эпистола адабиятынын үлгүсүнө А. Токтомушевдин «Какшаалдан кат» поэмасы, М. Элебаевдин «Согуштан кат», Ж. Турусбековдун «Иниме кат» аттуу ырлары мисал боло алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.