Эпифиз (гр.epiphysis - өсүндү, шишик), шишик сымал өсүндү - аралык мээнин чокусундагы конус сымал өсүндү.

Филогенезде бир топ морфофункциялык өзгөрүүлөргө дуушар болгон, омурткалуу жаныбарлардын түпкү тегинде көрүү органы катары өөрчүгөн. Азыркы оймок ооздууларда көрүү органынын функциясын аткарып, жарык менен багыт алат. Куйруксуз жерде-сууда жашоочуларда Эпифиз редукцияланган, төбөсүндөгү тери алдында жатат. Вашка омурткалуу жаныбарларда ички секреция безине айланган. Канаттуулар, кемирүүчүлөр жана туяктууларда жакшы, жырткычтарда, приматтарда, пил жана керикте начар өөрчүгөн, ал эми кем тиштүүлөр, чопкутчандарда жок. Эпифиз мээнин 3-карынчасы менен байланышып, төрт дөбөчөнүн урчуктарынын ортосунда жайгашат. Кишинин Эпифизинин салмагы 100-200 мг. Эпифизди еимпат нерв системасы жөнгө салат. Эпифиз организмдин алмашуу - вегетативдик функциясы жана ынгайлаиуу реакциясын жөнгө салуучу гипоталамо-гипофиздик системасы менен тыгыз байланышта. Кишиде Эпифиздин гипофункциясында жыныстык жана физикалык жактан эрте жетилет, ал эми гиперфункциясында жыные бездери жана экинчилик жыныс органдары өөрчүбөй калат.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4