Эпифит микроорганизмдери

Эпифит микроорганизмдериӨсүмдүктөрдүн тамыр системасынын тегерегинде тиричилик кылган микроорганизмдердин бир бөлүгү вегетация учурунда өсүмдүктүн жер бетиндеги органдарына которулуп, тиричилик улантат. Алар эпифит микроорганизмдери деп аталат. Э. м. өсүмдүктөргө эч кандай зыян келтирбейт, өсүмдүк органдары бөлүп чыгарган заттардын эсебинен азыктанат. Бирок ар түрдүү өсүмдүктөрдүн Э. мененин саны жана сапаты ар түрдүү болот. Булардын өлчөмү аба ырайына карата өзгөрүлүп турат. Мисалы, нымдуу абада көбөйүп, кургакта азаят. Жалпы Э. мененин саны саны 1 г азыкта 200 млн чейин жете турганы аныкталган. Өсүмдүктүн сырткы бетинде бардык эле бактериялар жашай албайт, себеби анда азыктык заттар жеткиликтүү эмес. Мына ошондуктан өсүмдүктүн эпифит микрофлорасы өзгөчө болот: 80 %ке чейин жалпы эпифит микробун Pseudomonas herbicola, Erwinia hirbicola түрлөрү түзөт. Андан сырткары, бир канча азот кармоочу микроорганизмдер –15 % атмосферадагы азотту топтоосу мумкун. Азыраак Bacillus тобундагы, актиномицеттер ал эми козу карындардан: Penicillum, Fusarium, Mycor жана башка да кездешиши мүмкүн.

Fusarium verticillioides.

Колдонулган адабияттар түзөтүү