Эразм Роттердамский
Дезидерий Эразм Роттердамдык (лат. Desiderius Erasmus Roterodamus, нидерл. Gerrit Gerritszoon; 28 октябрь 1467, Гауда, Роттердам, Бургундия Нидерланд — 12 июль 1536, Базель, Швейцария союзу) — бирден-бир белгилʏʏ гуманист, аны Иоганн Рейхли экөөнʏ замандаштары «Германиянын эки кареги» деп аташкан.
Өмүр баяны
түзөтүү28-октябрь 1469-жылы (башка версиялар боюнча 1465-жылы) Гаудада (Роттердамдан 20км алыс) азыркы Нидерландияда туулган. Анын атасы Гауда шаарынын бюргерлер ʏй-бʏлөсʏнөн болгон. Атасы жаш кезинде бир кызды жакшы көрүп, бирок ата-энеси баласынын ʏй-бʏлө куруусуна каршы болуп, диний карьера кылууну алдын ала чечишкен. Ага карабастан, сʏйʏшкөндөр жакындашып, жакындашуусунун натыйжасында балалуу болушуп атын Гергард коюшкан. Гергарддын латинизацияланганы, грекчеленгени Desiderius Erasmus - кийин анын псевдоними болгон. Эразм Роттердамский жана Дезидерий деген аттар менен Герхард Гёрхардс белгилʏʏ болгон.
Эразм Роттердамдык же Ротердамский - Нидерландиялык окумуштуу, гуманист, жазуучу, филолог, теолог, тʏндʏк каражаралуу (французча: Ренессанс, орусча: Возрождение) доорунун көрʏнʏктʏʏ өкүлү. Дин кызматкеринин мыйзамсыз баласы Эразм алгачкы билимди Нертогенбос шаарында «Чогуу өмүрдөгү бир туугандар» коомчулук мектебинен жана Стейнденавгустин чиркөөсʏнөн алган.13 жашында ата-энеси каза табып, жетим калган. Августин чиркөөсʏн бʏтʏп жатып дин кызматчысы болуп калган. Кийинчерээк Эразм чиркөөдөн кетип, Камбраепископунун латын катчысы жумушун ээлеген. 1495-жылы дин кызматчысына окуш үчүн, Париж университенине кеткен. Аны аяктап жатып Англияга барган жана ал жактан Оксфорддо лекция окуп,Томас Мор, Джон Колет, кийинчерээк Джон Фишер жана принц Генрих, келечектеги падыша Генрих VIII менен достошкон. Парижде ал өзүнүн биринчи ири чыгармасы "Adagia"ны чыгарган. Бул эмгек аны бүткүл Европа гуманистертерине белгилʏʏ кылган.
Англиядан 1499-жылы келип, Эразм бир аз убакыт көчмөн жашоо өткөрʏп Париж, Орлеан, Лувене, Роттердам шаарларын кыдырат. 1505-1506-жылдары көптөн бери баргысы келип жʏргөн Италияга жөнөгөн. Италияда Эразм ардактуу кээ бир жерлерде салтанаттуу кабыл алууларда болуп, Турин университетинин дин кызматчысы боюнча ардактуу доктору дипломун алган, Рим папасы өзгөчө сый катарында ага кайсыл өлкөгө барса ошол жердегидей жашоо образын өткөрүүгө, кийинүүгө уруксат берген. Италияда эки жыл жүрүп, Турин, Болонья, Флоренция, Венеция, Падуа, Рим шаарларында болгон. Эми ал ʏчʏнчʏ жолу англиялык досторунун чакыруусу боюнча Англияга жөнөйт. Эразмдын өзʏнʏн эскерʏʏсʏндө белгилʏʏ сатира «Акылсыздыкты мактоо» жазылган. Оксфорд жана Кембридж университеттери ага профессураны сунушташкан. Кембриджде сабак берүү. Анын тандоосун жакын таанышы епископ Фишер «университет канцлери» болуп иштеген Кембриджге токтоткон. Бул жерде Эразм бир нече жыл грек тилинен жана теологиядан сабак берген. Дунс Скоттун жана Фома Аквинскийдин схолостикалык окуусу менен окуткан башка мугалимдерди күнөөлөп, аларды «Акылсыздыкты мактоо» эмгегинде айта кеткен. Төрт жыл өткөн соң, 1513-жылы Англиянын климаты жакпай жатат деген сөз менен Германияга аттанат. Германияда эки жыл жүрүп баардык жерлерин кыдырып чыгат. 1515-жылы Англияга кайра барып, бирок бир жылдан соң континентке биротоло келген. Карл V доорунда. Бул жерден Эразм өзүнө кубаттуу меценат Ыйык Рим империясынын башчысы Карлды (келечектеги Карл V) табат. Карл Эразмга «Падыша кенешчиси» титулун берип, ага эч кандай өзгөчөлүк берилбестен, ал гана эмес короодо жүрүү милдети дагы жок 400 флорин өлчөмʏндө акча каралган. Бул Эразмдын каржылык маселелерин чечип, илимий иштерге берилүүсүнө жол ачкан. Ушундан ары, анын илимий жана жемиштүлүүгү абдан жогорулайт. Бирок анын жаны жумушу анын отурукташпаган мүнөзүн токтото алган эмес, ал Брюссельде, Лувенде, Антверпенде, Фрайбургда, Базелде болгон. Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүн гана Базелде тынч өткөрүп, 11-июлдан 12сине караган түнү 1536-жылы каза болот.
Чыгармалары
түзөтүү"Балдарды алгачкы тарбиялоо жөнүндө"
"Балдардын адептүүлүгү жөнүндө"
"Акылсыздыкты мактоо"
"Сүйлөшүү"
"Окутуу ыкмасы"
"Кат жазуунун жолу"[1]
Шилтемелер
түзөтүү- ↑ 1 2 Эразм Роттердам — Брокхауз жана Ефрондун Энциклопедиялык сөздүгүнөн алынган макала 2. "Акылсыздыкты мактоо" — философиянын тарыхы-3. Журинский А. Н. зурубисттик педагогиканын тарыхы: окуу куралы. М., 1998