Эрвин Панофский, фамилиясы Панофски деп да айтылат (нем. Erwin Panofsky; 1892-жыл 30-март, Ганновер - 1968-жыл 14-март, Принстон) - немис жана америкалык искусство тарыхчысы жана теоретиги. 1920-жж. искусство тууралуу немис илиминин жана 1930-жж. - 1960-жж. Америка искусство таануу мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Ишмердигинин немис доорунда Г. Велфлин, А. Ригл жана А. Варбургдардын идеяларын улай көркөм чыгармаларды иконологиялык метод менен изилдөөнүн негиздерин түзгөн, искусство таануунун бир катар негизги категорияларын түптөгөн. Көз караштарын "Идея. Өткөндүн искусство теориясында түшүнүктөрдүн тарыхы жөнүндө"(1924) деген китебинде баяндаган. Гуманизм темасын өнүктүрүүгө анын "Иконология боюнча изилдөөлөр. Реннессанс искусствосундагы гуманисттик темалар" (1939) китеби жана Пристон университетинин окумуштуулары даярдаган "Гуманизмдин максаты" (1940) аттуу жыйнак үчүн жазылган "Искусство тарыхы гуманисттик дисциплина катары" аттуу макаласы арналган. Согуштан кийинки жылдары 1947-1948-жж. Гарвард университетинде окуган лекцияларынын негизинде "Эрте Нидерланд живописи" аттуу китеп чыгарган (1953, 1-2-т.), гот архитектурасы менен алектенген, Дүрердин чыгармачылыгын изилдөөнү уланткан (анын жашоосун жана чыгармачылыгын изилдеген ири окумуштуу болуп калган), "Көркөм сынчы катары Галилей" (1954) аттуу эссе жазган.

Э. Панофскийдин иштөө методу "чечмелөө жадыбалдары" деп аталган бир нече варианттарда көрүнөт. Мында объект, түр, каражат жана искусство чыгармасын чечмелөө принциби талданат. Бул метод "Көрмө искусстводо маани" (1950) жыйнагында жана "Батыш искусствосунда ренессанс жана "ренессанстар"" (1960, 1-2-т.) китебинде жана башка көптөгөн эмгектеринде өнүктүрүлгөн. Э. Панофскийдин эмгектери Пъер Бурдьенин искусствонун социологиялык концепциясына таасир эткен.

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү