Эргешов Абжапар Абдыразакович

Эргешов Абжапар Абдыразакович (1951, Ош облусу, Өзгөн району, Көлдүк кыш.) - геогр. илиминин доктору (1997), профессор (2000).

1976-ж. КМУнун геогр. факультетин бүтүргөн. 1987-ж. «Кургактыктын гидрологиясы, суу ресурстары жана гидрохимия» адистиги боюнча кандидаттык диссертация коргогон. 1976-жылдан Кыргыз УИАнын Геология институтунда инженер, ил. кызматкер, лаборатория башчысы. 1988-2000-ж. Ош мамлекеттик университетинде окутуучу, доцент, профессор, Бишкек гуманитариялык университетинин табигый илимдер жана экология кафедрасынын профессору (2000), 2001-жылдан ошол эле университеттин менеджмент кафедрасынын башчысы. КУУнун, Кыргыз УИАнын, Казак улуттук университетинин алдында География жана Экология адистигиндеги кандидаттык жана докторлук диссертацияларды коргоо боюнча атайын кеңештердин мүчөсү. Нарын дарыясындагы гидротехникалык курулуштардын, суу сактагычтардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, ГЭСтерге техникалык-экономикалык жактан баа берүү боюнча ил. изилдөөлөргө, экологиялык билим берүү концепциясын түзүүгө, Эл аралык долбоорлорго катышкан. 100дөн ашуун ил. эмгектин (а. и. 3 монографиянын) автору. Эмгектери негизинен айлана-чөйрөнү коргоо жана айрыкча жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу проблемаларын изилдөөгө арналган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2