Эргономика (гр. ergon - жумуш жана nomos - мыйзам) - эмгектенүү процессинде адамдын жумуш аткаруу жөндөмдүүлүгүн изилдөөчү илимий тармак; ал эмгектин жогорку өндүрүмдүүлүгүнүн оптималь шартын түзүүдөгү мүмкүнчүлүктү жана мыйзам ченемди аныктайт, ошондой эле жумушчунун жөндөмдүүлүгүн өстүрүүгө көмөк берүүчү зарыл ыңгайларды камсыз кылат.

Эргономиканын проблемаларын психолог, физиолог, гигиенист-врач, сүрөтчү-конструктор, архитектор, түрдүү адистеги инженерлер биргелешип иштеп чыгат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.