Эренбург Илья Григорьевич

Эренбург Илья Григорьевич (14(26). 1. 1891, Киев - 31. 8. 1967, Москва) - орус совет жазуучусу, коомдук ишмер. Инженердин үй-бүлөсүнөн.

Революциячыл иши үчүн 1908-жылы камалган. 1908-17-жылдары Францияда эмиграцияда болгон. 1921-24-жылдары Берлинде жашаган. 1934-жылдан биротоло СССРде. 1936-39-жылдары испан элинин улуттук-революциячыл согушу учурунда «Известия» газетасынын аскер кабарчысы болгон. Туңгуч жыйнагы («Ырлар») 1910-жылы чыккан. 20-жылдардагы чыгармаларында 1-дүйнөлүк согуш жана революция мезгилиндеги Европа менен Россиянын турмушу сүрөттөлүп, капитализм, буржуазиялык мораль сындалат.

30-жылдары публицистикасында социалисттик дүйнө, менен капиталисттик дүйнө ортосундагы күрөштү, социализмдин чыңдалышын, романдарыңда (мис., «Экинчи күн», 1933) советтик жаштардын социалисттик курулуштагы эмгегин көрсөтөт. 40-жылдардан кийин Эренбургдун «Париждин кыйрашы», (1941; СССР мамлекеттик сыйлык, 1942), «Бороон» (1947; СССР мамлекеттик сыйлык, 1948), «Тогузунчу вал» (1951-52) деген романдары чыккан.

Аларда Франциянын согуштан мурдагы жана согуш учурундагы абалын, совет калкынын жаш Батыштын прогрессчил күчтөрүнүн фашизмге каршы күрөшүн чагылдырган. Эренбургдун чех эл, айрыкча француз адабияты, маданияты жөнүндө жазган көп макалалары бар. СССР Жогорку Советине (3-7-шайл.) депутат. Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин вице-президенти болгон. «Элдер ортосунда тынчтык чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениңдик сыйлыктын лауреаты (1952). Кийинки чыгармаларынын көрүнүктүүсү - «Адамдар, жылдар, турмуш» (1-6-к-п, 1961-65) аттуу эскерүүлөр. Булар философиялык-субъективдүү мемуаристиканын салтында жазылып, 20кылымдын духовный изденүүлөрүн кенен чагылдырат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4