Эристика (гр. талаш искусствосу деген сөзүнөн) Эристикалык ой корутундулар софизмге тектеш келет ж-а талаш-тартыштарда жеңишке жетүү үчүн гана пайдаланылчу аргументтерди эске салат, ал эми айтышып жаткан адамдын сөзү чынбы, же жалганбы, туурабы, же туура эмеспи – бул эске алынбайт.

Эристиканы ушундай түшүндүрүүнү мис., Шопенгауэр колунда кармаган. Анын аныктамасы б-ча эристика талашта жеңишти камсыз кыла турган талаш искусствосу, же болбосо рух фехтованиеси болуп саналат. Ошентип, Э. өз ойлорду жактап, башкаларды төгүнгө чыгарууну көздөгөн ж-а өз позициясынын тууралыгын ар түрдүү ыкмалар м-н далилдөөгө далалаттанган талаш өнөрчүлүгүнө жатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8