Эриугена Ёханн Скот (810—877-ж.ченде) — орто кылым философиясынын эң ири фигураларынын бири.

Эриугена, Ёханн Скот

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Ата-теги боюнча ирландиялык болгон, тагдыр-жазмыш жөнүндөгү теологиялык талаш-тартышка катышуу үчүн Францияга келет. Андан кийин Франциянын королу Карл Кашка баштын сарай мектебине чакырылып, ал жерде Псевдо-Дионисийдин «Ареопагитиктер» деген чыгармасын которуунун үстүндө эмгектенет. Анын өзүнүн башкы чыгармасы «Жаратылыштын бөлүнүшү» деген эмгек, ал беш китептен турат. Ал устат менен шакирттин диалогу түрүндө жазылган.

Эриуген талдаган проблема түзөтүү

Эриугена талдап караган негизги проблема Кудай менен дүйнөнүн өз ара катышы болгон, бул экөөнү ал «жаратылыш» деген бир түшүнүккө бириктирет, жаратылышты ал физикалык мааниде эмес, абстрактуу мааниде түшүнөт. Пантеисттик позицияда туруп, ал Кудай бардык нерселердин кыймылынын дүйнөлүк процессинин башталышы, өзөгү жана аякташы деген платондук идеяга таянат. «Бардык нерселерде Кудай катышып турат. Ал бардык нерселердин маңызы катарында жашап турат».
Эриугенада Кудайдын дүйнөгө карай кыймылы жана нерселердин кайрадан Кудайга кайрылып келиши циклдүү кыймыл түрүндө жүрөт. Жаратылыш төрт түргө же фазага бөлүнөт. Биринчи баскыч — жаратылбаган, түбөлүк болуп турган, бирок өзү жарата турган жаратылыш, бул — бардык нерселердин себеби катарындагы, жашырын сырдуу жана таанылып-билинбей турган нерсе катарындагы Кудай. Кудайды эч кандай акыл-эс менен аңдап-билүүгө болбойт, бирок ошондой болсо да Ал өзүнүн теңирлик көрүнүштөрү аркылуу теофаниялар, нерселер негизденип турган жана теңирлик бытие ачыла турган ар түрдүү тартип-ырааттуулуктар аркылуу көрүнөт жана угулат. Бул жободо Эриугенанын өзүнчө бир мистицизми ачылып көрүнөт.
Теңирлик-космостук процесстин экинчи баскычы — жаратылган жана жаратуучу жаратылыш. Биринчи жаратылыш Кудай Ата катарында экинчи жаратылышты жаратат, бул экинчи жаратылыш теңирлик акыл-эс, логос, идеялардын платондук дүйнөсү болуп саналат. Бул телосуз идеялардын да мезгил агымында башталган чеги жок, бирок алар биринчи жаратылыш тарабынан такай жаралып турат.
Үчүнчү жаратылыш — жаратылган жана жаратпай турган жаратылыш, бул конкреттүү нерселердин, теофанийлердин дүйнөсү. Эгерде биринчи баскычка Кудай бирдиктүү түпнегиз катарында чыкса, экинчи баскычта Ал көбөйөт, бул көптөгөн идеяларда көрүнөт, үчүнчү баскычта бытиенин андан аркы көбөйүшү жүрөт да, бытие өзүнүн акыркы баскычына жетет.
Төртүнчү жаратылыш — бир эле убакта, жаратылбаган да, жана жаратпай турган да жаратылыш, бул космостук процесстин циклдүү өнүгүшүнүн аякташы болуп саналат, жаратылыштын бул баскычында Кудай ар түрдүү ипостастарда кеңири ачылып көрүнөт. Бул баскычта процесстин өзү да аяктап бүтөт.
Бул жерде көрсөтүлгөн дүйнөнүн картинасы, Эриугенанын түшүнүгү боюнча, динамизм менен мүнөздөлөт, анткени Кудайдын бытиеси дүйнөнү жаратуу процессинде кеңири ачылып көрүнөт. Дүйнөнүн бул картинасы орто кылым философиясында үстөмдүк кылган жана дүйнөнү Кудайдын эрки менен бир жолу жана түбөлүккө жаратылган жана Кудайдын эркине ылайык жашап турган көптөгөн нерселердин жыйындысы катарында караган креационисттик көз карашка карама-каршы турат.

Эриуген жаратуучу тууралуу түзөтүү

Ушуну менен бирге, Эриугенанын пикири боюнча, бардык нерсени Кудай жаратат жана кайрадан Ага кайрылып барат, бирок Кудай — инсан эмес, Ал бардык нерседе катышып турат, бирок ошол эле убакта Аны аңдап-билүү мүмкүн эмес.
Эриугенанын космос доктринасы анын адам концепциясын да аныктайт. Теңирлик түпбирдикти билдирген (первоединство) биринчи баскыч бөлчөктөлгөн жалпы идеялар болуп саналган экинчи баскычка өтөт, ал эми үчүнчү баскычта айрым жеке нерселерге өтөт. Адамдын түпкү күнөөсү бир адам идеясынын көптөгөн жеке адамдарга бөлүнүшүнө алып келет. Төртүнчү баскычтын пайда болушу адамдын күнөөсүн арылтуунун зарылдыгы менен аныкталат, бул арылтуу башка бардык жеке нерселердей эле адам өзүнүн конкреттүү жашап турушунан ажырап, Кудайга кайтып баруусу аркылуу ишке ашат. Эриугенанын бул пантеисттик концепциясы чыныгы адамдык маңыздын көрүнүшү катарында адамзаттын жашап турушунун жалпылыгын баса белгилейт, ал эми индивидуалдуу жашап туруу болсо ошол чыныгы маңыздан четтеп кеткендей түшүнүлөт. Эриугенанын антропоборбордук позициясы мына ушундан көрүнөт, ал адамга дайыма кызыгуу менен караган жана «акыйкатты таанып-билүүгө алып баруучу эң маанилүү жана жападан жалгыз дээрлик жол — эң алгач адам жаратылышын таанып-билип, аны сүйүү болуп саналат деп эсептеген... Эгерде адам жаратылышы өзүндө болуп жаткандарды аңдап биле албаса, анда ал өзүнөн жогору турган нерсени кантип биле алмакчы?» [11, 32, 610 Д-611А].

Тагдыр жөнүндө окуясы түзөтүү

Эриугенанын тагдыр жөнүндөгү окуусу да адам проблемасы менен тыкыс байланышкан, ал бул окуусун тагдыр жөнүндөгү талаш-тартышка катышканда жазган өзүнүн биринчи эмгегинде өнүктүргөн. Анын окуусу Августин талаш-тартышка түшкөн Пелагиянын позициясына жакын. Эриугена адамдын эрки эркин, ал эми Кудай бир эле убакта жакшылыктын да жана жамандыктын да булагы боло албайт, Ал бир эле убакта бирөөнү куткарып, экинчи бирөөнү жазалай албайт. Теңир алдын ала белгилеген тагдыр жазмыш, Эриугенанын окуусуна ылайык, адамдын жана адамзаттын кылган күнөөсү менен эч кандай байланышы жок, тагдыр адамды куткарууну камсыз кыла ала турган жакшылыктарга гана байланыштуу.
Жекеликке караганда жалпылыктын артыкчылыгы жөнүндөгү Платондун окуусун улантып жана өнүктүрө отуруп, Эриугена орто кылым реализмине негиз салган.
Эриугенанын көз карашы чиркөө үчүн алгылыктуу эмес болгондуктан, адегенде анын тагдыр-жазмыш жана эрктин эркиндиги жөнүндөгү окуусу, кийинчерээк — анын пантеизми чиркөө тарабынан (XI кылымда папа Арстан IX тарабынан) айыпталат да, 1225-жылы папа Гонорий III анын «Жаратылыштын бөлүнүшү жөнүндөгү» эмгегин өрттөп жиберүүгө өкүм чыгарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү