Эрих Мария Ремарк (англ. Erich Maria Remarque; туулгандагы аты: Эрик Пол Ремарк, 1898-жыл 22-июнь — 1970-жыл 25-сентябрь) — согуш коркунучтары жөнүндө көптөгөн чыгармаларды жараткан немис жазуучусу болгон. Анын "Батыш майданында жымжырт" (англ. All Quiet on the Western Front, 1928) аттуу Биринчи дүйнөлүк согуштагы немис аскерлери тууралуу романына негизделип "Оскарга" татыктуу болгон тасма тартылган. Китеби аны Нацилердин душманына айлантып, көптөгөн эмгектери өрттөлгөн.

Эрих Мария Ремарк.

Өмүр таржымалы түзөтүү

1-дүйнөлүк согушка катышкан (1914–18). 1932-жылдан эмиргацияда жашаган. «Батыш фронтунда өзгөрүү жок» (1929), «Үч жолдош» (1938), «Салтанат капкасы» (1946), «Өмүр жана өлүм мезгили» 1954) деген романдарында фашизмге каршы күрөш пацифизм, абстракттуу-гуманисттик өңүттөн сындоо, ошондой эле буржуазиялык дөөлөттөрдөн көңүлү калган «өгөйлөнгөн муундун» достук, фронттогу жолдоштук же сүйүүдөн тирек издөө аракеттери чагылдырылган. «Карыз комүр» (1959), «Лиссабондогу түн» (1963) чыгармалары беллетристикалык маанайда жазылган. Ремарктын чыгармалары социалдык маңызы, каармандарынын гумандуулугу, нравалык тазалыгы менен баалуу.

Жаш кези түзөтүү

Эрих Мария Ремарк 1898-жылы 22-июнда Германиянын Оснабрүк жергесиндеги жумушчулар, Питер Франц Ремарк (1867-жылы 14-июнда Кайзерсвертте туулган) менен Анна Мариянын (кийин Сталлкнехт; 1871-жылдын 21-ноябрында Катернбергде туулган) үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

Чыгармалары түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү