Эркектер союздары - энелик уруктан аталык урукка өтүү стадиясында коомдо жана коомдук турмушта үстөмдүк абалга жетүүгө күрөш жүргүзүү үчүн эркектер уюму катары пайда болгон коомдук институт.

Эркектер союздарынын өз жетекчилери, жашыруун тили, атайын жөрөлгөлөрү, диний салттары болгон. Алгачкы общиналык (жамааттык) коомдун бузулуу процессинде кийинки эркектер союздары (аларды кээде жашыруун союздар же жашыруун коомдор деп да аташат) өз мүчөлөрүнүн менчигин, таасирдүү абалын коргоп, көбүнчө таптардын пайда болушунун рычагы жана мамлекеттик бийликтин алгачкы органдары болуп калышты.

Эркектер союздары өзгөчө Меланезия менен Батыш Африкада кеңири өнүккөн, Микронезияда, Түштүк Американын индей урууларында да белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.