Эркин-Тоо ― кыргыз тилинде чыккан туңгуч гезити. Ушул эле аталышта дагы бир гезит 1991-жылы ачылган.

Кыскача таржымакалы түзөтүү

"Эркин-Тоо" гезити - кыргыз тилинде чыккан туңгуч гезит. Анын алгачкы саны 1924-жылдын 7-ноябрында Ташкенде жарык көргөн. Кийинчерээк ал "Кызыл Кыргызстан", "Советтик Кыргызстан", "Кыргыз туусу" аталып калган.

Ал эми 1991-жылдын 3-июлунда "Эркин Тоо" аталышы менен Кыргызстандын дагы бир расмий гезити ачылып, алгачкы саны жарыяланган. Бул гезит Кыргызстандын мыйзамдарын жана башка расмий кагаздарын жарыялап келет.

Азыркы "Эркин-Тоодо" иштеп кеткен жана иштеп жаткан журналисттер түзөтүү

"Эркин Тоонун" алгачкы редактору Мелис Айдаркулов 1991-1996-жылдары гезитти түптөп, окурмандарга кеёири таанытып кеткенден кийин, башкы редактору болуп Таалайбек Темиров кыйла жылдар иштеген.Андан кийин Жазуучу, журналист жана публицист Эсенбай Калдаров арабызда болгондо 68жашка толмок экен. 1999-жылы кайрадан «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редакторунун орунбасары болуп иштеп.

2002-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өкмөттүк «Эркин Тоо» гезитинин башкы редакторлугуна дайындалат.

"Бир нече журналисттер 87 жылдык тарыхы бар, республикадагы бардык гезиттердин аксакал атасына айланган "Кыргыз Туусунан" которулуп келдик. Таалайбек Темиров, Жаныбек Казыболотов, Абдиламит Жумашев, Асан Жунусов, Бактыбек Имамадиев, Сымбат Максутова, Жыпара Жусуева, маркум Асанбек Абыкеев болуп, В.Белинский: "Баарыбыз "Гоголдун шинелинен" чыкканбыз" дегендей, "Кыргыз Туусунда" калемибиз курчуп, кабыргабыз катып, тажрыйба топтогондо мында келдик. Республика боюнча жүздөгөн калемгерлер "Кыргыз Туусунун" мектебинен канат күүлөп учуп чыгышты", - дейт жети жылдан бери "Эркин тоонун" маркетинг жаатында эмгектенип, казынасынын каржысын арттырууга зор эмгеги бар, калемгер Абдимуктар Абилов.

Ал тууралуу ойлор, пикирлер түзөтүү

Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаеванын «Эркин Тоо» гезитинин 20 жылдык мааракеси менен куттуктоосу түзөтүү

«Эркин Тоо» гезитинин жамаатын, учурунда мында иштеп кеткен ардагерлерди, жалпы эле окурман журтчулугун гезиттин 20 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын.
Эгемен республикабыз менен бирге жаралган бул гезит 20 жыл катары менен жалпы элибизге мамлекеттик чечимдерди жеткирип, ошол эле мезгилде элдин талабын, үмүтүн, тилегин бийликке жеткирип турган алтын көпүрө болду. Курч калемдүү журналисттер өзгөрүп жаткан замандын тамырын кармап маалымат берип, демократия, базар экономикасы багытына жарык жандырып, жол көрсөттү. Алгачкы расмий документтер “Эркин Тоо” гезитине басылып, эркиндиктин деми ушул гезит аркылуу элге жетип турду.
Гезит жаралгандан тартып аны жетектеген башкы редакторлор кесипкөйлүгү, уюштургуч таланты менен гезиттин өнүгүшүнө, окурмандардын сый-урматына арзышына өз салымдарын кошушту. Азыркы учурда гезитти жетектеген Манас Осмоновдон дагы үмүтүбүз чоң. Ал өзүнүн жетекчилик шык-жөндөмү, таланты жана энергиясы менен гезитти жаңы деңгээлге алып чыгып, экинчи өмүр берди десек жаңылышпайбыз.
Бүгүнкү күндө «Эркин Тоо» гезити 8-10 миң нуска менен чыккан, республиканын бардык булуң-бурчтарына чейин таркатылган мамлекеттик расмий гезит болуп калды.
«Өнөр алды кызыл тил» деп элибиз айткандай, сөз чеберлери азыркы кыйын кырдаалда таамай айтылган сөз менен, ынтымак-ырашкерликтин, сабырдуулуктун, жаратман эмгектин идеяларын калкыбызга жеткирүү менен өлкөбүздүн өркүндөп-өсүшүнө чоң салым кошот деп үмүт артабыз.
Гезиттин кызматкерлерине чың ден-соолук, жаркын маанай, албан-албан ийгиликтерди каалаймын.

Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, академик: - “Эркин Тоо” өлкө¬дөгү расмий мыйзамдарды, токтомдорду, жарлыктарды жазганы менен баалуу. Бардык расмий маалыматтарды ушул гезиттен алабыз. Бул гезитти мен ар бир санын калтырбай окуйм. Сиздерге Мыйзам, жарлыктар чыгып жатпайбы, ушуларды майдалап, элге жеткиликтүү кылыш үчүн укуктук комментарийлерди берсеңер жакшы болот эле. Ошондо эл Мыйзам эмне жөнүндө болуп жатканын түшүнүп турат эле.

Алтынбек СУЛАЙМАНОВ, ЖК депутаты: - “Эркин Тоонун” башка гезиттерден айырмаланып калк кадырлаган салмактуу орду бар. 20 жылдык тарыхында гезит чындыкты, акыйкаттыкты кеңири берип, өз ордун таба алды. Мен гезитке жазылып алгам, келип турат, дайыма окуйм. Анын башкалардан айырмасы – мамлекеттик машинаны кошо түртүшүп баратканында.

Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер: - Бул гезиттин аты укмуш – эркин анан тоо деп. Ар заманда бул гезиттин мамлекеттик макамы сакталып келатат. Ушул 20 жылдын ичинде 4-5 жолу бийлик алмашса да “Эркин Тоо” туруктуу калды. Силердин милдет – Өкмөттүн токтом, Мыйзамдарын жазып туруу да. Айрым учурда өкмөттүн пикирине дал келбеген макалалар да чыгып калууда. Ошондуктан “Эркин Тоонун” өзгөчө бир орду бар. Силер мен айткан экинчи касиетиңерди – бийликтин жакшы жагын жакшы, жаман жагын тартынбай жаман деп көзгө сайып көргөзүп турушуңар керек.

Курманбек ОСМОНОВ, ЖК депутаты: - “Эркин Тоо” гезитинин өз тарыхы бар, Өкмөттүн органы болуп келатат. Гезиттин мага жакпаган да, жаккан да жактары бар. Көбүнчө гезитти Өкмөттүн позициясын чагылдырган, расмий маалыматтарды, кабыл алынган мыйзамдарды, нормативдик укуктук актыларды жарыялай турган гезит катары билебиз. Гезитке каалоо катары айтаарым – ар кандай спектрдеги ойлорду, материалдарды чагылдырып турса, жакшы болот эле.

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ, Ош облусунун акими: - Мен “Эркин Тоону” ачылгандан бери карап, окуп келатам. Анткени, мамлекетте болуп жаткан бардык расмий маалыматтарды, мыйзамдарды, токтомдорду үзгүлтүксүз берип турат. Ошондуктан,“Эркин Тоону” ар дайым карайм. Андан сырткары, жогору жакта болуп жаткан мамлекеттин саясатын элге туура жеткиргенге аракет кылат. Бирөөнүн сөзүн бирөөнү сөзү кылып эки жакка урунбайт, кээ бир гезиттерге окшоп, бирөөнүн колунда курал болбойт, ошон үчүн мен дайыма ушул гезитти окуйм. Дагы бир байкаганым – ал жерде жакшы журналисттер иштейт. Депутат болгондон бери байланышып келатабыз, башкаларчылап өз кызыкчылыгын көздөшпөйт. Ошондуктан, мен бул гезитти сыйлайм.

Кубат ОТОРБАЕВ, КТРКнын директору: - “Эркин Тоо” деген атты укканда кыргыз басма сөзүнүн башатында турган гезит деп эсептелет. Бирок, ал бүгүнкү “Кыргыз Туусу”. Азыркы “Эркин Тоонун” өзү да соңку биздин 20 жылдык тарыхыбызда чоң роль ойноду. Өзгөчө элдин укуктук аң-сезимин арттырып, укуктук кат-сабатын жоюуда чоң эмгек жасап жатат. “Эркин Тоо” ушул жагынан алганда тарыхта өз орду, массалык маалымат каражаттарынын арасында бакыйган орду бар. Мен гезиттин тартып жаткан кыйынчылыктарын жакшы билем, Өкмөттүк болгону менен каражат толук бөлүнбөйт, анда иштеген кызматкерлер мамлекеттик кызматкерлер сыяктуу чектелген айлык алышат. Бирок, дайыма патриоттук сезим менен элге, мамлекетке кызмат кылсам деген адамдар иштешет. Ошондуктан өкмөттүк гезиттерге көбүрөөк эркиндик берип, ар тараптуу колдоого алса деген ойдомун. Сиздерге чыгармачылык ийгиликтерди, ар бир кызматкерге ден соолук жана үй-бүлөсүндө жакшылыктардын болушун каалайм.