Эркин энергия - системанын изотерма процесси өзүнүн абалын өзгөртүү менен механикалык жумушка айландырган энергиянын бөлүгү.

Изохораизотерма процесстери учурунда аткарылган чексиз кичине жумуш карама-каршы белгиси менен алынган эркин энергияга барабар (dA= - dF) болгондуктан F=U-TS деп жазылат, мында U - ички энергия, Т - абс. температура, S - энтропия. Эркин энергия эч качан ички энергияга барабар болбойт. Ал дайыма ички энергиядан TS чоңдугуна кичине болот. Бул жерде TS ички энергиянын жумушка айланбоочу бөлүгүн мүнөздөйт. Канчалык Эркин энергия чоң болсо, жумушка айланбоочу ички энергиянын бөлүгү ошончолук чоң болот. Ошондуктан TS байланышкан энергия деп да аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4