Эрктин эркиндиги – адамдын өз иш-аракетин өзү аныктоо жөндөмдүүлүгү.

Байыркы грек маданиятында Эрктин эркиндиги философиялык түшүнүккө караганда юридикалык түшүнүктү көбүрөөк билдирген. Эркин адам – бул өзүнүн ата-бабаларынын жеринде жашап жаткан адам, анын карама-каршысы – бөтөн жерге алынып кетип, кулга айланган согуш туткуну. Гомердин доорунда эркин адам – бул мажбурлоосуз, өзү каалагандай жүргөн адам. Эркиндиктин эң бийик көрүнүшү – тагдырды жеңип чыккан кудайга тете каармандар болгон Сократтан бери келе жаткан талаш-тартыш – бул адамдын эрки алдын-ала шартталган, аныкталган көрүнүшпү же андай эмеспи деген суроо. Эгер адамдын ар бир иш-аракети алдын-ала аныкталып, аны өзгөртүүгө болбосо, анда аны күнөөлөөгө да, урматтоого да болбойт. Бирок эркти моралдык иш-аракеттердин «акыркы натыйжасы» м-н байланышсыз кароо – табияттагы себеп – натыйжаны тааныган илимий көз карашка туура келбейт. Канттын дуализминде адам акыл-эстүү жандык катары Э. э-не ээ, бирок табият мыйзамдары үстөмдүк кылган эмпирикалык дүйнөдө ал эркин эмес, Эрктин эркиндигиги чектелген, жүйөлүү себептер м-н шартталган. Диний түшүнүктөрдө адам «кудай менен бириккенде», тактап айтканда өзүн толук ага арнаган кезде гана эркин болот дешкен. Ар түрдүү доорлордо адам жакшы иштерди жасаганда гана (Сократ, Платон); максатына жетүү үчүн жакшы ыкма-билимдерди туура тандап алганда (Аристотель); өзүнүн иш-аракеттерин табият мыйзамдарына же өзүнүн эркине баш ийдиргенде (Посидоний), ж. б. гана эркин болот дешсе, айрымдары адамдын иш-аракети толугу м-н Кудайдын эрки м-н болот (Лютер, Кальвин) деп эсептешкен, Локк болсо, эркиндик – бул аң-сезимдүү түрдө аракет кыла билүү дейт, ж. б.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8