Эрлан Шеров
Эрлан Шеров — Кыргызстандык дзюдочу . Азия оюндарында (2022) алтын уткан ошондой эле дүйнө чемпиондугунда (2024) коло уткан алгачкы кыргызстандык дзюдочу[1]. 2024-жылы Парижде өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарында Кыргыз Республикасынын туусун көтөрүп чыгат[2][3].
Эрлан Шеров | |
Жынысы |
эркек |
---|---|
Жарандыгы | |
Чеберчилиги |
Дзюдочу |
Төрөлгөн датасы | |
Төрөлгөн жери | |
Салмагы |
90 кг |
|
Өмүр баяны
түзөтүүЭрлан Шеров 1998-жылы 19-июнда Бишкек шаарында төрөлгөн. Төрт бир туугандын үчүнчүсү, эжеси, байкеси жана карындашы бар. Атасы убагында грек-рим күрөшү менен, апасы жеңил атлетика менен алектенген[4]. Атасы Эрланды 10 жашында залга алып келген. Үч жыл грек-рим күрөшү жана дзюдо менен машыгып жүрүп, акыры дзюдону тандаган. Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясында, андан кийин Улуттук университетте юриспруденция багытында билим алган. Олимпиада, дүйнө чемпиону болууну кыялданат. Бош убактысында футбол, теннис ойноп, кино көрүп, китеп окуйт. Орус адабиятына кызыгат[5].
Карьерасы
түзөтүү- Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу, 2015 - 2-орун;
- Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу, 2017 - 3-орун;
- Жаштар арасында Европанын ачык кубогу, 2018 - 2-орун;
- Жаштар арасындагы Азиянын ачык кубогу, 2018 - 1-орун;
- Жаштар арасындагы Азия чемпиондугу, 2018 - 1-орун
- Жаштар арасындагы Европанын ачык кубогу, 2018 - 3-орун;;
2022-жылы август айында Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Азия чемпиондугунда 90 кг салмакта күмүш медаль тагынган[6].
2023-жылы сентябрда Азия оюндарынын финалдык беттешинде Өзбекстандык спортчу Давлат Бобоновду жеңип, алтын медалга ээ болгон. Муну менен ал Кыргыз Республикасынын тарыхындагы Азия оюндарында алтын алган биринчи дзюдочу болуп калды. [7]
2024-жылы апрелде Гонконгдо өткөн Азия чемпиондугунда 90 кг салмакта коло медалга ээ болгон.[8].
2024-жылдын май айында Абу-Дабиде өткөн Дүйнө чемпиондугунда 90 кг салмакта коло байгеге ээ болгон[9]. Муну менен ал дүйнө чемпиондугунда медалга ээ болгон Кыргызстандын алгачкы уулу болуп калды[10], Кабыргасынан жаракат алып мелдешке катышканына карабай, байгелүү орунду ээлеген[11]. Ошол эле айда олимпиадалык рейтингде төртүнчү орунга көтөрүлүп[12], Андан кийин ал 2024-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган[13].
Булактар
түзөтүү- ↑ Erlan Sherov. Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2024.
- ↑ Париж Олимпиадасы: Кыргызстандын желегин Эрлан Шеров көтөрүп өтөт. Баракелде. Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2024.
- ↑ Flagbearer for Kyrgyzstan national team at Paris Olympic Games named. AKIpress news. Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2024.
- ↑ История первого чемпиона Азиады по дзюдо из Кыргызстана Эрлана Шерова — видео. Спутник Кыргызстан. Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2024.
- ↑ Что известно о дзюдоисте Эрлане Шерове — он взял золото Азиады. Спутник Кыргызстан. Текшерилген күнү 13 -июль (теке) 2024.
- ↑ Kyrgyz judoka Erlan Sherov wins silver at Asian Judo Championship in Nur-Sultan (8 August 2022). Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2024.
- ↑ Kyrgyzstan judoist reaches Asian Games Final for first time. Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2024.
- ↑ Kyrgyzstani Erlan Sherov wins bronze at 2024 Asian Judo Championship (22 April 2024). Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2024.
- ↑ Kyrgyzstani Erlan Sherov wins bronze medal at World Judo Championship (23 May 2024). Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2024.
- ↑ Erlan Sherov's medal is first in history of Kyrgyz judo at world championships among adults (23 May 2024). Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2024.
- ↑ Judoka Erlan Sherov fought for bronze medal with rib injury: Trainer (24 May 2024). Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2024.
- ↑ Kyrgyzstani judoka Erlan Sherov climbs to 4th place in Olympic ranking (29 May 2024). Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2024.
- ↑ Two judokas from Kyrgyzstan on list of participants of Olympic Games in Paris (30 May 2024). Текшерилген күнү 31 -май (бугу) 2024.