Эрмитаж – Ленинграддагы тарыхый-маданий жана көркөм музей, дүйнөдөгү ири музейлердин бири. 5 имараты бар: Кышкы сарай (архитектор В. В. Растрелли, 1754–62), Кичи Э. (архитектор жана башка Валлен-Деламот, 1764–67), Эски Э. (архитектор Ю. М. Фельтен, 1771–87), театр имараты (архитектор Л. фон Кленце, 1839–52). Музей 1764-ж. Екатерина II Берлинде сатып алган 225 картинадан турган коллекциядан курала баштаган. Коллекция сарайдагы “Эрмитаж” (французча  ermitage – обочо жай) аталган апартаментинде жайгаштырылып, музейдин аты ошондон калган. Кийин Брюлдан (1769), Кроздон (1772), Уол Вальполдон (1779) жана башкалардан сатып алынган экспонаттар Кышкы сарайдын имаратына коюлган. Картиналар менен катар гравюралар, сүрөт, антик жана батыш европалык колдонмо өнөрдүн чыгармалары, тыйын жана башкалардын коллекциялары, 19-кылымдан археологиялык материалдар менен толуктала берген. Улуу Окт. соц. рев-ясынан кийин жеке менчик коллекцияларды мамлекеттештирүүнүн эсебинен музейдин фонду кыйла көбөйгөн. Э-да 8 бөлүм бар: алгачкы коомдогу маданият, антик дүйнө, Чыгыш элдеринин маданияты, орус маданиятынын тарыхы (“1812-жылдын галереясы да кирет), нумизматика, батыш европалык искусство (Леонардо да Винчи, Рафаэль, Тициан, Жоржоне, П. П. Рубенс, Рембрандт, О. Ренуар, П. Пикассо жана башкалардын картиналары, Микеланджело, А. Гудон, О. Родендин скульптуралары, сүрөт, графика боюнча коллекциялар, колдонмо искусствонун чыгармалары), илимий-агартуу, реставрация. Музейдин экспозициялары 350дөн ашык залды ээлейт; жылына 3,5 млн киши көрөт. Э. илимий жана илимий-агартуу иштерин жүргүзөт, илимий конференциялар өткөрөт, археологиялык экспедициялар уюштурат, каталог, альбом, монографиялар чыгарат. Чет өлкөдөгү музейлердин убактылуу көргөзмөлөрүн уюштурат. Э-да кыргыз сүрөтчүлөрүнүн да чыгармалары бар. 1964-ж. Ленин ордени менен сыйланган[1].

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Эрмитаж жөнүндөгү кызыктуу жана эмес эмес фактылар