Эрудиция ( лат. ēruditio - үйрөнүү, билим ) - терең ар тараптуу билим, кеңири аң-сезим.

Эрудиция деген сөз латын тилинен келип чыккан: окумуштуу инсандын ой жүгүртүү жана тыянак менен коштолгон окуу жана ишмердиги ,анын алгачкы сабатсыздыгын " жылмалап ",мурунку кемчиликтерин жоготкон учурда эрудит ( лат. eruditus) деп саналган. Эрудиция – билимдин жана системалуу окуунун натыйжасында пайда болгон тереңдик ,жарык жана кеңдик..Эрудит -адам маалыматтын кеңири чөйрөсүндө кошумча билимге, бул темадагы адабияттар менен тереңирээк жана жакыныраак мамилеге жана кеңири интеллектуалдык горизонтко ээ.

Эрудиция билимдүү адам менен байланышта . Бирок, бул бир эле түшүнүк эмес. Эрудит-адам сөзсүз түрдө билимдүү болот, ал эми билимдүү адам сөзсүз эле эрудит эмес. Негизги айырмасы, эрудит- адам өзүнүн оройлугун жана билимсиздигин жеңүүгө умтулат, ал эми жөн гана билимдүү адам бул нерсени маанилүү деп эсептебейт .Эрудит -адам конкреттүү темаларды түздөн-түз китептер жана изилдөөлөр аркылуу, ошондой эле бул тема боюнча окутулган курстардан изилдейт.

Белгилүү италиялык акын Жакомо Леопарди эрудит болгон: ал өз алдынча классиканы окуп, изилдеп, көптөгөн философтордон таасирленген .Байыркы Римдин эң улуу окумуштууларынын арасында Маркус Теренс Варро болгон. Улуу англис эрудиттеринин арасында эссеист сэр Томас Браун болгон.

Эгерде эрудит-жазуучу ар түрдүү областтагы билимге ээ болсо,ал дароо чыгармаларынан байкалат .

Биздин замандын көптөгөн чыныгы окумуштуулары сыяктуу эле, биология боюнча кеңири билимге ээ болгон математиктер жана физиктер эрудиттерге мисал боло алат.