Эс — адамдын баштан өткөндөрдү сактап калуу жөндөмдүүлүгү; аны кийинки иш-аракетке пайдалануу касиети; дүйнөнү психикалык чагылдыруунун формасы.
Эс информацияга көңүл топтоштуруунун даражасына, ага карата эмоциялык мамилеге, ошондой эле адамдын организминин жалпы абалына, анын машыгуу даражасына, психикалык процесстердин мүнөзүнө жараша болот. Информацияны эске сактап калуу жогорулаган активдүүлүк менен айкалышкан учурда пайдалуу экендигине адамдын ынанышы жаңы билимди өздөштүрүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат.

Түрлөрү түзөтүү

Информацияны эске тутуунун эки түрү бар:

  • кыска мезгилге эстөө (тышкы дүүлүктүрүүнүн изи белги берүү булактары бар учурда гана эсте сакталып тура берет, андан кийин өчөт) жана
  • узак мезгилге эстөө (белгилердин булагы жок болуп кетсе да, информация узак жылдарга сакталып кала берет). Узакка эстөө адам үчүн билимдин тажрыйбанын, ыкмалардын булагы болуп саналат.

Эс кыймылдык, образдык (көрүү, сезүү угуу аркылуу), эмоциялык жана сөз логикалык болуп айырмаланат. Алардын кээ бири экинчисинен күчтүүрөөк өнүгөт. Кыймылдык эс адатта бир эле фактыны тез-тез кайталоого негизделген. Бул эстин эң үзүрсүз жана туруксуз түрү. Көрүү аркылуу эске тутуу курчап турган айлана-чөйрөнү байкап (образдаштырып) эске сактоого, угуу аркылуу эске тутуу негизинен сөздүн маанисин эстеп калууга таянат. Түшкөн информация эмоциялык катуу түйшөлүүлөргө негизделсе, эмоциялык эс келип чыгат. Сөз-логикалык эс кубулуштардын өз ара байланыштарына негизделген. Бул эс айрыкча туруктуу жана сапаттуу деп эсептелет.

Гипомнезия түзөтүү

Гипомнезия эске тутуунун бузулушунун эң көп учураган түрлөрүнүн бири. Мында эс ар түрдүү оорулардан (атеросклероз, алкоголизм) улам төмөндөп кетет, тубаса болушу да мүмкүн, ошондой эле психиканын башка чөйрөлөрдүн кем чилдиги менен айкалып кетиши да себепкер. Гипермнезия (эске тутуунун күч алышы) адатта тубаса болот, мында адам информацияны көбүрөөк көлөмдө, алда канча узак мөөнөткө эске сактап калуу жөндөмүнө ээ.

Амнезия түзөтүү

Амнезия — белгилүү бир мезгил аралыгында эстин жоголуп кетиши. Ал күчөй баштаганда адам алгач жакын арадагы окуяларды унута берет, андан кийин жакында эле болуп өткөн окуялар биринен сала бири унутулат. Эстин бузулушу жаңылыш жана жалган эстеп калуудан да болушу мүмкүн. Ар кимдин эсине көп факторлор таасир этет жана эстеп калуу жөндөмү анын тукум куугучтугуна, машыгуусуна, эмоциялык абалга, ошондой эле тамактануу, эмгек жана эс алуу режимине да байланыштуу болот.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8