Жез таңдай аталган төкмө акын, айтыш өнөрүнүн чыгааны. Ал 1833-жылы Талас өрөөнүңдөгү Кызыл-Коргон өндүрүндө туулган. Ырчылык дарамети жаш кезинде эле ойгонуп, Чүй өрөөнүндө ырдап көпкө жүргөн. Казак калкын аралап, далай ырдаган. Эсенаман бирде Көлгө, бирде Чүйгө, же Таласка, же Түштүккө өтүп, ырлары эл ичинде чачырап, бизге жетпеди. Эсенамандын чоң акын, көркөм сөздүн ири чебери экендиги айрыкча айтыш өнөрүндө ачык көрүнөт. Ал өмүрүндө нечен казак, кыргыз акындары менен беттешкен, бирок бизге Чоңду, Жеңижок менен айтышы гана жетти. Ал кыргыз ырчыларынын чыгармачылыгына мүнөздүү өнөрдүн көп түрүн билген: төгүп ырдаган, комуз чертип, ырларына обон чыгарган, элдик көп ырларды чебер аткарган. Эсенаман жомокторду (эпосторду) да мыкты айтуучу катары элге таанылган. Ал «Манас», «Семетей», «Кожожаш», «Саринжи- Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжанды» чебер аткарчу экен. Эсенаман 1913-жылы Талас өрөөнүндө каза болгон.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз поэзиясынын антологиясы. 1 том.(жеткиликсиз шилтеме)

Айрым шилтемелер түзөтүү

Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы(жеткиликсиз шилтеме) Жеңижоктун Эсенаманды эскерип ырдаганы(жеткиликсиз шилтеме)