Эсенбек Медербеков (1936[1]-2003) - кыргыздын белгилүү жазуучусу, романист[2].

Эсенбек Медербеков
Туулган датасы:

10 -декабрь 1936(1936-12-10)

Туулган жери:

Сокулук району, Октябрь айылы

Өлгөн датасы:

2003 жыл(2003)

Кыскача өмүр баяны

түзөтүү

Жазуучу, сынчы Эсенбек Медербеков Сокулук районундагы Октябрь айылында 1936-жылы туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. 1959-жылдан Фрунзе шаарынын ар кайсы ишканаларында иштеген. 1962-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде редактор, 1974-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында адабий кызматкер, бөлүм башчы, башкы редактордун орунбасары, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын гуманитардык илимдер бөлүмүндө редактор болуп эмгектенген.

Чыгармачылыгы

түзөтүү

Жазуучунун биринчи «Досумдун тапшырмасы» аттуу очерктер жыйнагы 1968-жылы жарык көргөн. «Кызыл жалын» аттуу тарыхый-көркөм романдын, бир нече очерктер, повесттер жана аңгемелер жыйнактарынын автору. Ал тарабынан С.Антоновдун «Главный вопрос» аттуу аңгемелери (1971) которулган. 1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Сыйлыктары

түзөтүү

«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

Жарык көргөн чыгармалары

түзөтүү
  • Досумдун тапшырмасы: Очерктер. – Ф.: Мектеп, 1968. – 120 б.;
  • Суусамыр: Очерктер – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 196 б.;
  • Нурия: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1972. – 15 б.;
  • Тунгуч мектеп: Очерктер. – Ф.: Мектеп, 1974. – 142 б.;
  • Баба дыйкан: Очерктер. – Ф.: Кыргызстан, 1976. – 104 б.;
  • Кичинекей алп: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1978. – 180 б.;
  • Кызыл жалын: Тената: Тарыхый көркөм баян. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 228 б.

Котормолору

түзөтүү
  • Антонов С. Башкы маселе: Аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 131 б.

Булактар

түзөтүү
  1. Прозаик, критик Эсенбек Медербеков. Open.kg (10.09.2015).
  2. Ааматов, М.; Чекиров, А; Калыева, Ө (2011). Кыргыз Республикасынын жазуучулары. Бишкек: Кыргызпатент. ISBN 978-9967-26-379-6.