Топоев Эсен Төлөнович (28. 2. 1952-ж. т., Ош областы, Кызыл-Кыя ш.) - армиянын генералы (2004). Ташкенттеги жогорку жалпы аскердик командалык окуу жайын (1973), M. В. Фрунзе атындагы (1985), РФтин Башкы штабынын Аскер академиясын (1995) бүтүргөн.

Венгрия аймагында аскерлердин түштүк тобунда взвод командири (1973-76), Түндүк Кавказ аскер округунда зениттик батареянын, ротанын командири, полктун штаб начальнигинин орун басары (1976-82), Ы. Чыгыш аскер округунда полктун штаб начальниги (1985-88), Благовещенскиде полктун командири (1988-90), Ы. Чыгыш аскер округунда тышкы байланыштар бөлүмүнүн улук офицери (1992), 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командиринин орун басары (1992-93), КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында начальниктин орун басары - Коргоо министрлигинде оперативдүү башкармалыктын начальниги (1995-99), КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында начальник - Коргоо министринин 1-орун басары, КРдин коопсуздук кеңешинин секретары - мамлекеттик күзөт кызматынын начальниги (1999), КРдин коргоо министри (1999-2005), «Росэкспорткоргоо» ААКтын генералдык директорунун кеңешчиси (2005-жылдан). 1999-2000-ж. Кыргызстандын түштүгүндөгү эл аралык террористтердин бандиттик түзүлүштөрүн жок кылуу боюнча операцияларды жетектеген. 3-даражадагы «СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө Мекенге кызмат өтөгөндөгү үчүн» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4