Эсептөөнү баштоонун инерциялык системасы

Эсептөөнү баштоонун инерциялык системасы – инерция закону сакталуучу эсептөөнү баштоо системасы.

Инерция закону боюнча материалдык чекитке сырттан башка күчтөр таасир этпесе же таасир эткен күчтөр өз ара тең салмактанса, анда ал тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сактайт. Эсептөөнү баштоонун инерциялык системасына салыштырмалуу бир калыпта жана түз сызык боюнча кыймылдаган ар кандай эсептөөнү баштоо системасы кайра эле Эсептөөнү баштоонун инерциялык системасын берет. Бул системада физиканын закондору бирдей, б.а. салыштырмалуулук принциби орун алат. Алардын ар биринде инерция законунан башка да Нңютондун экинчи закону, тышкы күч аракет этпеген туюк системада кыймыл санынын (импульстун), кыймыл санынын моментинин жана инерция борборунун кыймылынын (масса борбору) сакталуу закондору аткарылат. Эгер эсептөөнү баштоо системасы Эсептөөнү баштоонун инерциялык системасына карата ылдамдануу кыймылында болсо, анда ал система инерциялык болбойт, ал системада инерция закону жана деги эле жогоруда аталган закондордун бардыгы аткарылбайт.

Эсептөөнү баштоонун инерциялык системасы илимий абстракциялуу түшүнүк болуп саналат. Реалдык эсептөөнү баштоо системасы ар дайым кандайдыр бир конкреттүү нерсеге (Жерге, машинага, самолётко ж. б.) байланыштырылат. Тигил же бул объектилердин кыймылы ошол конкреттүү нерселерге карата өздөштүрүлөт. Жаратылышта кыймылсыз нерсе жок. Жерге карата кыймылсыз нерселер аны менен чогуу Күнгө, жылдыздарга ж. б. карата ылдамдануу менен кыймылдагандыктан, эсептөөнү баштоонун каалагандай реалдык системасы Эсептөөнү баштоонун инерциялык системасы катары анын белгилүү даражадагы жакындатылган маанисинде каралышы мүмкүн. Эң жогорку даражадагы тактыктагы Эсептөөнү баштоонун инерциялык системасы катары башталышы Күн (так айтканда күн системасынын массасынын борбору) болгон жана октору үч жылдызга багытталган гелиоборборлош (жылдыздык) система эсептелет. Мындай Эсептөөнү баштоонун инерциялык системасы негизинен асман механикасынын жана космонавтиканын маселелерин чечүүдө колдонулат. Көптөгөн техникалык маселелерди чыгаруу үчүн Эсептөөнү баштоонун инерциялык системасы катары Жер менен тыгыз байланыштагы система кызмат кылат. Ал эми жогорку тактыкты талап кылуучу эсептөөлөрдө (мис., гироскопияда) башталышы Жердин борбору болгон, октору жылдыздарга багытталган система колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү