Эсептөө математикасы - математиканын эсептөө жүргүзүү менен байланышкан маселелерди камтыган бөлүмү; б. а. типтүү математикалык маселелерди чыгаруунун сандык методдор теориясы.

Заманбап Эсептөө математикасы компьютерди колдонуу менен эсептөөнүн өзгөчөлүктөрүн үйрөнүү маселелерин камтыйт. Эсептөө математикасы илимий жана инженердик эсептөөлөр жүргүзүүдө колдонмо математика катары пайдаланылат. Анын негизинде акыркы жылдарда табигый илимдерде жаны тармактар пайда болду, мис., эсептөө химиясы, эсептөө биологиясы ж. б.

Эсептөө математикасында төмөнкү үч багыт белгиленет:

  • 1) математикалык моделдерди анализдөө;
  • 2) стандарттуу математикалык маселелерди чыгарууга метод жана алгоритмдерди иштеп чыгуу;
  • 3) программалоону автоматташтыруу.

Математикалык моделдердин анализи маселелердин коюлушун үйрөнүүнү, моделди тандоону, киргизилүүчү маалымат анализин жана иштелип чыгышын, моделди изилдөөдөгү математикалык маселелерди сандык чыгарууну, эсептөө натыйжаларын анализдөө жана алынган натыйжаларды керектөөдөн келип чыккан маселелерди камтыйт. Математикалык маселелердин көп кезигүүчү типтүү мис. алгебра маселелери, мында сызыктуу алг. теңдемелер системаларын чыгаруунун сандык методдору, матрицага тескери матрицаны табуу, матрицанын өздүк маанилерин табуу зор мааниге ээ. Башка мисалдар: бир же бир нече өзгөрмөлүү функцияларды диференциалдоонун жана интегралдоонун сандык методдору; кадимки дифференциалдык, айрым туундулуу интегралдык теңдемелерди чыгаруунун сандык методдору. Оптималдаштыруу маселеси өтө татаал түзүлүштүү көптүктөрдө аныкталган функционалдардын экстремум (эң чоң же эң кичине) маанилерин изилдөөдө турат. Биринчи кезекте буга экономиканын көпчүлүк маселелери келтириле турган математикалык программалоо маселелери кирет. Операцияларды изилдөө жана оюндар теориясынын маселелерин чыгарууда келип чыгуучу минимакстык маселелер да оптималдаштыруу маселелерине жакындашат. Программалоо теориясынын негизги милдети - адам менен компьютердин (машинанын) ортосундагы мамилени жеңилдетүү. Эсептөө машиналарынын улам жаңы муундарынын пайда болушу программалоонун өнүгүшүн да улам жаңы этаптарга алып келди. Эсептөөчү системаларды, а. и. маалымат системаларын жана башкаруунун автоматташтырылган системаларын өнүктүрүү маселеси эң актуалдуу илимий проблемалардын бири. Азыркы мезгилде жеке адам пайдалануучу компьютерлер кеңири өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4