Эсептөө тармагы - бир системага бириктирилген компьютерлердин жана алардын терминалдарынын аймактык бөлүштүрүлгөн системасын камтыган эсептөө комплекси.

Географиялык таралуу деңгээли боюнча Эсептөө тармагы локалдык (жергиликтүү), шаардык, корпоративдик, глобалдык ж. б. болуп бөлүнөт. Э. т. үч компоненттен турат: маалыматтарды берүү тармагы, ал маалыматтарды берүү каналдарын жана коммутация каражаттарын камтыйт; маалыматтарды берүү тармагы менен байланышкан компьютерлер; тармактык программалык камсыздоо. Компьютердик тармакты пайдалануучулар анын программалык, техникалык, маалыматтык жана уюштуруучулук ресурстарын биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Локалдык тармактын типтери: локалдуу Эсептөө тармагы - бул кабелдердин жана тармактык адаптерлердин жардамы менен бириктирилген жана тармактык операциялык системанын башкаруусунда иштеген компьютерлердин жана башка эсептөө техникасынын каражаттарынын жыйындысы. Эсептөө тармагы бир эле ресурстарды: файл, принтер, модем, процессорлорду ж. б-да пайдалануучулардын тобу биргелешип колдонуусу үчүн түзүлөт. Тармактагы ар бир компьютер тармактык адаптер менен жабдылат, адаптерлер тармактык кабелдердин жардамы менен бириктирилет, ошентип компьютерлер бирдиктүү тармакка байланыштырылат. Эсептөө тармагына кошумча компьютер аткаруучу функциясына жараша жумушчу станция же сервер деп аталат. Шаардык тармак - бул локалдык тармакка караганда чоң өлчөмдөгү тармак (бир нече кмге чейин жетет). Ал адатта бир шаардын аймагын камтыйт. Шаардык тармакта көп учурда ушундай аралыкта алардын майнаптуу иштеши үчүн түрдүү жабдуулар жана берүү чөйрөлөрү колдонулат. Глобалдуу тармак шаардык тармакка караганда чоң болгон бардык тармактарга тиешелүү. Глобалдуу тармак өлкөнүн эки башка жагында жайгашкан же бүткүл дүйнө боюнча локалдуу тармактарды байланыштырат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4