Эсепчи - аба-ырайындагы өзгөрүүлөрдү алдын ала айткан адам. Жан-жаныбарлардын жүрүм-турумун, жаратылыш кубулуштарынын өзгөрүшүн салыштырууда топтогон билимине, байкоолоруна таянып, жакынкы жана узак убакыт ичинде аба ырайы кандай болорун айта алышкан. Эсепчи кыргыздын жыл эсебиндеги айбанаттардын аттарын пайдаланып, аба ырайын тигил же бул жаныбардын кулк-мүнөзүнө, кыялына түздөн-түз байланыштырган. Асмандагы жылдыздардын бири-бирине карата жайгашуусуна жана шамалдын, булуттардын жүрүшүнө, ылдамдыгына, канаттуулардын учушуна, малдын, жапайы айбанаттардын, жөргөмүш, чымын-чиркейлердин жана башка жаныбарлардын жүрүм-турумуна жараша аба ырайынын жакынкы мезгилдеги өзгөчөлүктөрүн аныктаган. Мисалы, шамал багытын кескин өзгөртсө, жаан жаайт; күн катуу ысып кетсе, артынан сөзсүз жаан-чачын келип, күн салкындайт. Жөргөмүштүн кыймыл аракетинен да аба ырайы алдын ала айтылган. Мисалы, жөргөмүш желесин түз тартса күн ачык, жылуу болот, чиркейлер тобу менен учушса күн жылуу болот, көпөлөк-төр жаан, шамал башталарда учушпайт жана башка. Түтүн асманга көтөрүлбөстөн, жердин үстүнө жайылса аба ырайы өзгөрүлөт; жайында же кышында булуттар батыштан чыгышты көздөй тездик менен көчсө жаз жамгырлуу, кыш бороондуу болот деп аныкташкан. Эсепчилердин аба-ырайын алдын ала айтуу ыкмасы өтө көп болгон. Алар элдин арасында кадыр-барктуу болуп элди, мал-жанды ар түрдүү табият кырсыктарынан сактоого жардам беришкен. Албетте, алардын айткандарынын баары эле туура келген эмес. Бирок турмуштук тажрыйбанын, баамчылдыктын таасири м-н топтолгон билими аркылуу ошол мезгилдин талабына жооп бере алган билгич болушкан. Калча, Атай, Айты, Сүтү-ке, Айбаш, Манаке жана башка эсепчилердин ысымдары белгилүү.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек,2003, 445-б. ISBN 5-89750-150-5