Эсеп-фактура – 1) соода мамилелериндеги сатуучу тарабынан сатып алуучунун атына жазылган жана товардын жеткирилгендигин же тейлөө кызматы көрсөтүлгөндүгүн жана анын баасын күбөлөндүрүүчү товардык документ; 2) тараптардын биринин (депозиттик, аманат эсеби) акча милдеттенмелери жөнүндөгү же алынуучу жана төлөнүүчү акча каражаттарын эске алганда, өзара акча милдеттенмелери жөнүндөгү маалыматтар чагылдырылып, юридикалык жактын же жарандын атына жол-жоболоштурулган документ. Юридикалык жактын же жарандын кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн акча аткарымдарын чагылдыруучу банк Э. өзгөчө мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү