Эски өзбек тили, чагатай тили - Орто Азия-түрк жазма адабий тил.

Ал Чагатай улусунда 15-кылымдын 2жарымы - 16-кылымда классикалык тил катары калыптанган. Эски өзбек тилин чечмелеп түшүндүрүү жана качан жаралган тил экенин аныктоо боюнча бирдиктүү пикир жок. Эски түркологиялык адабияттарда «түрк тили», «чагатай тили», кийинки мезгилде «эски өзбек тили» деген ахтар менен маалым. «Эски өзбек тили» термини Орто Азия-түрк жазма адабий тили диалектилерден айырмалуу, адабий формага эгедер тил экени жөнүндө маалымат берет. Эски өзбек тилиндеги чыгармалар учурунда түрк элдерине кеңири харап, акын-жазуучулардын чыгармачылыгына, айрыкча тилдик курулушуна күчтүү хаасир кылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9