Эстакада (фр. estacade - туркүк, устун) - транспортторду, жөө адамдарды өткөрүү жана түрдүү коммуникацияны төшөп алып өтүү, жүктү жүктөө же түшүрүү ж. б. жумуштарга арналып, жер же суу бетинен бийик көтөрүлүп, темир-бетондон, болоттон, жыгачтан, таштан курулган көпүрө курулмасы.

Эстакада бир нече тирөөчтөрдөн жана устундардан турат. Арналышына, жасалган материалына жана жергиликтүү шартка жараша устундуу, тирөөчтүү, рамалуу, арка формалуу ж. б. конструкциядагы Эстакада колдонулат. Ал көчөнүн (жолдун), т. ж-дун үстүнө, дарыя (деңиз) жээгинде жана үстүндө, түрдүү вокзал, гидростанниялардын жанында ж. б-да курулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.