Эстрада

искусствонун драма жана ырдоо өнөрүн, музыка, бий, циркти айкалыштыра пайдаланган түрү


Эстрада, эстрада өнөрү (исп. estrado - такай секиче) - искусствонун драма жана ырдоо өнөрүн, музыка, бий, циркти айкалыштыра пайдаланган түрү.

Эстрадага оюндун кыскалыгы, көркөм каражаттардын тактыгы мүнөздүү. Эстрада эл чыгармачылыгы менен тыгыз байланыштуу. Батыш Европада жонглёрлордун, Россияда скомо-рохтордун, Орто Азияда маскарапоздордун өнөрү ага негиз болгон.

Сатиралык Эстраданын элементтери элдик салтанат, оюн-зоок, той тамашада кездешкен.

Эстрада 19-кылымдын ортосунда Францияда профессионал өнөр катары калыптанган. Россияда Эстрада 19-кылымдын 2-жарымында тараган. Ал совет доорунда айрыкча өнүккөн. Советтик Sı-ra тематикасы курч, сатиралык багыттагы сөзмөрлүк, конферанс жанры (Ю. Т. Тимошенко менен Е. И. Березин, Л. Б. Миров менен M. В. Новицкий ж. б), эстрадалык ырлар (К.И. Шульженко, Р. Сикора, Р. Бейбутов ж. б.) мүнөздүү болгон. Бий жана цирк оюну да эстрадада кеңири пайдаланылат. Кыргызстанда туңгуч эстрада коллективи 1967-ж. уюшулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.