Эсхатология (гр. еschatos – акыркы) – адам м-н дүйнөнүн акыркы тагдырлары ж-дөгү диний окуу.

Жеке адам жанынын тиги дүйнөдөгү «өмүрү» ж-дөгү индивидуалдуу Эсхатологияны ж-а космос м-н тарыхтын максаты, алардын акыры, бүтүшү ж-дөгү бүткүл дүйнөлүк окууну бири-биринен айырмалап кароо керек. Индивидуалдык Э-нын калыптанышында өзгөчө роль Байыркы Египетке тиешелүү, ал эми жалпы дүйнөлүк Э-нын пайда болушунда ошондой эле роль иудаизмге таандык. Индивидуалдуу Э. бүткүл дүйнөлүк Э-нын бөлүгү болуп калат, анткени «келечектеги кылымдын» башталышы о дүйнө кеткен сопу, такыбалдардын кайра тирилиш мөөнөтүн билдирет. Туюм-сезимдик мифтин деңгээлинде Э. ар түрдүү диндер үчүн жалпы болуп эсептелген мотивдерди ичине камтып турат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8