Этбай - Африканын түндүк-чыгышындагы кырка тоо.

Египет менен Судандын аймагында. Кызыл деңизди бойлой Нилдин дельтасынан (түштүк батыш) Эфиопия тайпак тоосуна (түндүк-чыгыш) чейин созулуп жатат. Уз. 1700 кмдей. Кристаллдашкан сланец, гнейстен турат. Эң бийик жери 2259 м (Ода чокусу). Чыгышында деңизди карай тик, батышында Араб чөлүн карай тектирленип түшөт. Өрөөндө сөңгөктүү өсүмдүктөр (тамариск, акация), ксерефилдүү дан өсүмдүктөрү өсөт. Уран, фосфор, алтын ж. б. кендери бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4