Этил спирти, этанол, метил карбинол, шарап спирти, СН3СН,ОН — бир атомдуу каныккан спирттер өкүлү. Кескин жыттуу, ачуу даамы бар, түссүз суюктук, балкып эрүү t -114,15°С, кайноо t 78,37°С. Э. с. суу, эфир, глицерин, бензин жана башка орг. эриткичтер менен бардык өлчөмде аралашат. Суудан женил d=0,90 г/см’. Абада түссүз жалын чыгарып күйөт. Көпчүлүк орг. бирикмелер менен азеотроптук аралашманы пайда кылат. Э. с. кислоталар таасир кылганда татаал эфирлер пайда болот. Э. с. тамак-аш сырьёсун, ошондой эле кант өндүрүшү калдык-тарын ачытуу, өсүмдүк клетчаткасын ги-дролиздөө, этиленди гидратташтыруу (сууну кошуу) жана башка методдор менен алынат. Э. с. ө. ж. тармагында эриткич катары, синтет. каучукту, диэтил эфирин, бутадиен, этилацетат, хлороформ жана башка орг. заттар алууда кеңири колдонулат. Э. с. көп санда арак-шарап даярдоого жумшалат. Ошондой эле таза этиленди алууда. реактивдүү кыймылдаткычтарда отун катарында, антифриз (тондурбоочу курамы), дары-дармектер даярдоодо колдонулат. Э. с. көп убакытка чейин организмге таасир этишинен нерв систе-масы, ичеги-карын, жүрөкт, боор өтө оор кеселдери пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Этанолдун зыяандуу таасирлери