Этимология (грек, etimologia, etymon - чындык жана logos - сөз, окуу) –

  • 1) тил илиминин сөздүн келип чыгышын изилдей турган бөлүмү.
  • 2) сөздүн келип чыгышын ачып берүүчү ыкмалардын жыйындысы;
  • 3) сөздүн келип чыгышы. - Этимология термини 19-к. тил илиминде -грамматика маанисин да туюндурган.

Этимологиянын предмети катары тилдик кордогу сөздөрдүн байыркы булактарынан тарта азыркы күнгө чейин келип жеткен абалы, калыптанышы, өнүгүшү эсептелет. Ар бир тилдин лексикасында формасы жагынан азыркы учурда түшүнүксүз болуп калган сөздөр бар, алардын колдонулушун, пайда болушунун структуралык моде-ли изилдөөгө муктаж. Андай сөздөр качан, кайсы тилдин сөз жасоо моделдеринин негизинде пайда болгон, алгачкы мааниси эмнени туюндурган, кайсынын натыйжасында өзгөрүүгө учураган же сакталган, алгачкы формасынын өзгөрүшү, анын маанисинин азыркы учурга дал келгени же келбегени сыяктуу маселелерди ичине камтуу менен Этимологиянын предмети пайда болот.

Мис.; буудай сөзү: көпчүлүк түрк тилдеринде бугдай түрүндө айтылган сөз Кыргыз тилинде буудай, өзбек тилинин диалектилеринде бугдаг түрүндө айтылат. Булардын ичиндегилеринин өзбек тилиндеги диалектилериндегиси бугдаг түрү байыркы калыбына жакын дешке болот. Анткени бул сөз буг же бугу -буу, байла этишинен жана -дак мүчөсүнөн турат. Бугу|бугу этиши азыркы буу этишинин маанисинде болгон, ага зат атооч жасоочу -дак мүчөсү жалганган. Азыркы куурдак, шырдак сөздөрү куур, шыры деген этиштерге -дак мүчөсү уланып жасалган сыяктуу эле бугдак|бугудак сөзү сыртынан көйнөкчөсү каптап тургандыгынан ушундай аталып калган. Буудай башкалар же арпа сыяктуу даны ачык турбастан, сыртынан кабыкча менен капталып турат. Мына ушул өзгөчөлүгүнө карап, ал бугдак -буулма дандуу эгин деген аталышка ээ болгон.

Этимологиялык талдоого алуудагы негизги кыйынчылык маанилердин арасындагы байланышты, сөздүн алгачкы маанилеринин өнүгүшүн жана өзгөрүшүн тактоо болуп эсептелет. Бул семантикалык өзгөрүү жана ар түрдүүлүк, номинациялык принциптер менен шартталат: Кыргызча моюн түрүндө айтылган сөз байыркы түрк жазууларында бойун жана буйун түрүндө болгон. Ал сөз бог+ун бөлүктөрүнөн куралган. Бог этиши азыркы кыргызча “буу” жана “муунт” этишинин маанисинде колдонулган. Мына ошол зат атооч жасоочу -ын мүчөсү жалганып, богу/бугун сөзү келип чыккан. Ал -байлап, бууп коюучу жер же -муунтуп койчу жер дегенге жакын маани берген. Азыркы муузда этишинин негизин түзгөн мууз сөзү да байыркы кезде богаз же богуз түрүндө айтылып, бог этишинен жасалган. Сөздүн башындагы б тыбышы м тыбышына өтүү муузда жана моюн сөздөрүнүн экөөндө тең орун алат, ошону менен бирге моюн сөзүндө г тыбышы й тыбышына алмашса, мууз сөзүндө биротоло түшүп калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4