Этиштин түрү - кыймыл-аракеттин болуп өтүшүн жалпылап туюнтуучу грамматикалык категория. Көп тилге мүнөздүү.

Бирок составы жана туюнтуу формалары ар кайсы уядагы тилдерде ар башка. Славян тилдеринде, асыресе орус тилинде анын эки түрү бар: бүткөн түр (совершенный), бүтпөгөн түр (несовершенный).

Бүткөн түр кыймыл-аракеттин бир дем (акт) менен болуп өтүшүн (мис., «закрыть»), бүтпөген түр кыймыл-аракеттин биротоло аяктай электигин («закрывать»), же ал ишке ашып жаткан процессти («он как раз закрывал дверь»), же көп ирет кайталанганын («не раз закрывал дверь»), же жалпы эле иш-аракетти («вы закрывали дверь?») туюнтат.

Байыркы грек тилинде этиштин аорист (орус тилиндеги бүткөн түргө жакын), презент (бүтпөгөн түргө жакын) жана перфект (кыймыл-аракеттин натыйжасын туюнтат) деген үч түрү болгону белгилүү. Англис тилинде бу грамматикалык категория узак түр (continuous) жана белгисиз түр (indefinite) деп экиге бөлүнөт. Узагы кыймыл аракет убакытын конкреттүү учурунда ишке ашып жатканын, белгисизи жалпы эле кыймылды кабарлайт.

Бир катар тилдерде, анын ичинде кыргыз тилинде этиштин түр категориясы так ажыратыла элек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9