Этнонимика - кыргыздардын курамындагы эң байыркы этностук компоненттерди гана чагылдырбастан, элибиздин тектеш түрк жана монгол, тунгус-манжур тилдүү элдер менен этногенетикалык, этномаданий байланыштарын, жалпылыктарын жана өзгөчөлүктөрүн изилдөөдө мааниси зор булак катары кызмат кылат.

Анткени иликтөөлөрүбүздө кыргыздар менен аталган элдердин ортосундагы маданий-этностук терең алакалар аныкталды.

«Кыргыз» этнокомпонентинин бир эле учурда башкыр, саха-якут, тува, сары уйгур, алтайлыктар (алтай-кижи, куу-кижи, телеут, теленгит, майма, телес ж.б.), хакастар (качиндер, сагайлар, белтирлер, кызылдар ж.б.) лакай, катаган ж.б. элдердин курамдарында болушу, эбегейсиз зор аймактардагы этностук чөйрөгө кыргыздардын тийгизген таасирин, көөнө этностук алакаларын чагылдырары шексиз. Биздин акыркы иликтөөлөрүбүздө жогорудагы элдердин курамдарындагы «кыргыз» уруктарынын (урууларынын) эн тамга белгилеринин генетикалык жалпылыктары аныкталды. Бул болсо кыргыз этнокомпонентинин өтө байыркылыгын далилдөө менен бирге, аталган элдердин этногенезисине кыргыздардын катышуу деңгээлин чагылдырат.

Байыркы кытай жыл баяндарындагы, руникалык (Орхон-Енисей, Талас, Кочкор жазуулары) жазуу эстеликтериндеги, араб графикасындагы булактарда эскерилген элдердин, уруулук бирикмелердин, уруу-уруктардын энчилүү аттарынын басымдуу бөлүгүнүн параллелдери кыргыз этнонимиясында сакталып калган. Бул илимий негиздүү фактылар кыргыз этносунун тегинин байыркылыгын, бабаларыбыздын жазуу салты бар квөнө маданияттын, аскердик курулуш структурасын, мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүгө кошкон салымын далилдей алат. Анткен себеби, бул тарыхый фактылардын баары тең этностук аталыштарда, алардын тарыхында жашап келет. Уруу-урук, эл аталыштары аркылуу кыргыздардын этностук курамына өнүгүүнүн түрдүү тарыхый баскычтарында жуурулушкан эзелки угро-фин, тунгус-манжур, огуз-түркмөн, кыпчак, монгол ж.б. этнокомпоненттерди байкоого болот. Ошону менен бирге, бул тарыхый булактар аркылуу бабаларыбыздын эзелки мифологиялык-диний (тотемизм, шаманизм) көз караштарын, түшүнүктөрүн, сырткы курчап турган дүйнөнү аңдап, туюп билүүсүн (космостук-мейкиндик, географиялык-аралыктык түшүнүктөр, жаратылыштын кубулуштары ж.б.у.с.) окуп-билүүгө болот. Мындан сырткары, этностук аталыштардагы маалыматтар кыргыздардын эзелки чарбалык-маданий укладдары, каада-салты, иерархиялык башкаруу системасы жана анын титулатурасы ж.б. маселелер боюнча өтө баалуу илимий материалдарды бере алат. Ошону менен бирге, кыргыз этностук аталыштарында байыркы кыргыз лексикасы сакталып калгандыгын белгилей кетүү зарыл.

Таанымал ономасттар В.А.Никонов жана А.И.Поповдор изилдөөлөрүндө: «...этноним бул сөз, калган сөздөр сыяктуу эле тил илиминин мыйзамдарына баш иет» же, тагыраак айтканда, «этнонимиялык изилдөөлөр тарыхый жана тилдик маалыматтарга негизделген, ошондуктан аны тарых же тил илиминде жекече кароого мүмкүн эмес» - деп жазышат.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.