Этносоциология - коомдун социалдык түзүлүшүн жана анда жашаган элдердеги социалдык өзгөрүүлөрдү, миграцияны, социалдык дифференциацияга дуушар болгон ички үй-бүлөлүк мамилелердин өзгөчө-лүктөрүн, ар түрдүү социалдык топтордо тилди пайдалануу тенденцияларын, айылдыктардын жана шаардыктардын салттуу ж-а азыркы маданиятка болгон карым-катышын, маданияттын бири-бирине тийгизген таасирин, этностук аң-сезимди, этнос аралык мамилелерди үйрөтүүчү илим. Россияда этносоциология өз алдынча илим катары 20-кылымдын 60-ж. тартып өнүгө баштаган. Орус окумуштуулары Ю. В. Арутюнян, Л. М. Дробижева, В. С. Кондратьев, А. А. Сусоколов, О.И. Шкаратан, И.С. Кон жана башкалар этносоциологиянын өнүгүшүнө белсемдүү салым кошушкан. 20-кылымдын 80-ж. Кыргызстанда алгачкы этносоциологиялык илимий чыгармалар пайда боло баштайт. Анын өнүгүүсүнө А. А. Асанканов, Г. Б. Исаева, А. Р. Жоошбекова, Б. К. Бектурганова, И. М. Акылбаева жана башка салымдарын кошууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек,2003, 446-б. ISBN 5-89750-150-5