Этностук дискриминация (лат. diskriminatio - айырмачылык) - адамдардын кандайдыр бир тобун (же бүтүндөй бир элдин) улуттук принцип боюнча чектөө.

Ал түпкү эмес улуттагы жарандардын, улуттук азчылыктын өкүлдөрүнүн шайлоо укуктарын, көчүп жүрүү, жашоо ордун тандоо эркиндигин ж. б. чектөөдөн көрүнөт. Мындай чектөөлөрдүн натыйжасында дискриминациялангандар жашаган өлкөсүн TamTan кетүүгө мажбур болушат жана качкындарга айланышат. Этностук дискриминациянын экинчи жагы түпкү калктын артыкчылык абалы болуп саналат. Этностук дискриминация этностор аралык мамилесин начарлатып, конфликттерге алып келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4