Этрусктар (өздөрүн rasna дешкен) - б. з. ч. l-миң жылдыкта Апеннин ж. а-нын батышын - Этрурия (азыркы Тоскана) аталган аймакты мекендеп, Римден мурда өнүккөн цивилизацияны түзгөн байыркы уруулар; Этрусктардын этностук калыптануусу б. з. ч. 8-кылымга карай аяктаса керек.

Б. з. ч. 7-кылымда Этрусктарда уруулук мамилелер ыдырап. таптык коом түзүлө баштаган. Көптөгөн шаар-сепилдер салынып. алар айланасындагы аймагы менен шаар мамлекетти түзгөн. 12 шаардын конфедерациясы да (Вейи, Тарквиния. Цере ж. б.) сыягы б. з. ч. 7-кылымдын аягында түзүлгөн болуу керек. Уламыштарга Караганда б. з. ч. 616-509-ж;. Римди Этрусктардын Тарквиния династиясы башкарып алардын таасири бүтүндөй Италияга таралган. Бирок Этрусктардагы ички социалдык карама-каршылыктар жана тышкы душмандардын күчөшү аларды начарланткан. Б. з. ч. 524 жана 474-ж. Этрусктарга гректер сокку уруп, алардын деңиздеги үстөмдүгүн жойгон; кийин б. з. ч. 283-ж. бүтүндөй Этрурияны римдиктер басып алган. Этрусктар Байыркы Италиянын маданий өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.