Эффузия
Эффузия (лат. effusio - ташкындоо, туш-тушка агып чыгуу) - суюк лаванын (магманын) жер үстүнө жайылып агып чыгуу процесси.
Жер бети менен аккан лава сууп, катып, лава кыртышын жана лава агымы түрүндө жаткан эффузия тоо тектерин пайда кылат. Эффузиянын түрлөрү: терминалдык (башкы кратерден агып чыккан), субтерминалдык (башкы кратерге жакын жайгашкан өзөктөн агып чыгат) жана латералдык (жанартоонун капталынан агып чыгат).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4