Эчегарай-и-Эйсагирре Хосе
Эчегарай-и-Эйсагирре Хосе (19. 4. 1832, Мадрид, Испания - 14. 9. 1916, Мадрид, Испания) - испан драматургу, математик, коомдук ишмер.
14 жашынан эле латын жана грек тилдерин мыкты билген. Бирок адабиятка кеч аралашкан. 1853-ж. техникалык окуу жайын мөонөтүнон мурда аяктап, бир нече жыл инженер болуп иштегенден кийин теоретикалык жана прикладдык математикадан сабак берген. Ал биринчи пьесасын 1860-ж. жазган, бирок пьеса театрга коюлмак турсун, жоголуп кеткен. Ал «Акылсыздык же ыйыктык» (1877), «Улуу Галеото» (1881) аттуу пьесаларында бурж. моралды сынга алган. «Дон Жуандын уулу» (1892), «Акылсыз кудай» (1910) деген психологиялык драмалардын автору. Нобель сыйл. лауреаты (1904).
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4