Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктан жасалган буттар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар таяктан жасалган узун буттарын алышып оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча; оюнчулар таяк буттарынын тепкичтерине турушуп белгиленген аралыктан бат басып өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келген оюнчу, жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жолдорун тосууга, түртүп жыгылтууга, белгиленген аралыктан таяксыз өтүүгө, белгиленген аралыкты толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбиялайт, чечкиндүүлүккө, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү