Баш сөздүн тексти түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар, топтор колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар таяктардан дарбаза тургузушуп, андан 15—20 м. аралыкка бир катар кылып топторду тизишет. Андан соң оюндун шарты жана кезеги жөнүндө макулдашылат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар кимиси кезектери келгенде, бирдей таяктары менен топторду уруп дарбазадан өткөрүүгө аракеттенет. Оюн каалаганча уланат. Көп жолу топторду дарбазадан өткөргөн оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакындоого, тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Методикалык көрсөтмө түзөтүү

Топтун ордуна чүкөлөрдү жана башка аспаптарды колдонсо болот.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Күч тарбияланат, кыймылдарды так аткарууга, таамай көздөөгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү