Эшилме кум – кумдун эшилме, куюлма майдасы. Чөлдөрдө рельефтин түрдүү формаларын пайда кылат; мисалы, бархан (шамал пайда кылган, өсүмдүк тамырлары менен бекемделбеген, орун которуштуруучу кум дөбөлөрү), дюна кум дөбө жана башка.