Ээрташ мөңгүсүКөөлү кырка тоосунун түш. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү.

Сарыжаз суусунун ири куймасы – Үчкөлдүн алабында жайгашкан. Уз. 4,3 км, аянты 3,3 км2, абляция облусунун аянты 1,0 км2. Башы деңиз деңг. 4700 м, этеги 3660 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4000 м. Мөңгүдөн башталган суу Үчкөлдүн сол курамы–Ээрташ суусуна сол тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2