Юдахин, Феликс Николаевич

Юдахин, Феликс Николаевич (1934-ж.т., Түштүк Казакстан облусу, Жаңы-Коргон ш.) – геофизик, геология-минералогия ил. доктору (1984), Кыргыз Республикасынын УИАнын корреспондент мүчөсү (1989). Москва чалгындоо ин-тун бүткөн (1957). Кыргыз геофизикалык экспедициясында техник-геофизиктен экспедициянын башкы геофизиктигине чейинки кызматтарда (1957–75). УИАнын Сейсмология ин-тунун директорунун илимий иштер б-ча орун басары, директору (1975–93) болуп иштеген. 1993-жылдан Россиянын Архангельск ш-ндагы Помор эл аралык ун-тинде иштеген. Анын 200 илимий эмгегинин 12си монография. Эмгектери жердин катуу кабыгынын динамикасы ж-а тереңдигинин түзүлүшү, тоо бүктөлүү облусунун жалпы ж-а дыкат сейсмологиялык райондоштурууга арналган. «Каарман эмгеги үчүн» медалы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү