Южно-Сахалинск (1915-46-ж. Тойохар а) - Россиянын Ыраакы Чыгышындагы шаар.

Сахалин облусунун адм. борбору. Сахалин а-нын түштүк жагында жайгашкан. Калкы 190,2 миң (2013; агломерациясы менен 315,6 миң). Жолдор тоому. Т. ж. түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Нефтьгаз, курулуш материал, энергетика, тепловозвагон оңдоо, мебель, тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖ, театрлар, музейлер бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4