Юлия Андреева (Архипова) (төр. 7 март 1984, Фрунзе, Кыргыз ССРи СССР) — Кыргыз жеңил атлетикачысы.Балтимор марафонунун жеӊүүчүсү (2009-жыл). «Пекин-2008» жана «Лондон-2012» Олимпиадаларынын катышуучусу. Эл аралык класстагы спорт чебери.

Юлия Андреева
Жеке маалыматы
Жынысы

Аял

Толук аты-жөнү

Андреева Юлия Владимировна

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Жеңил атлетика

Төрөлгөн жери

Фрунзе, Кыргыз ССРи, СССР

Бою

165 см

Салмагы

50 кг

Спорттук чини

Жеңил атлетика

Iuliia Andreeva

Кыргызстандын атынан «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасына алгачкы катышуу укугун алган спортчу. Ал 2015 жылдын май айында Чехиядагы марафондо 2 саат 37 мүнөт 37 секундада келе алган (Олимпиададагы көрсөткүчү 2 саат 44 мүнөт). Марафончу биринчи жолу 14 жашында жеӊил атлетикага баш баккан. Машыктыруучулар Юлиянын узак аралыкка чуркоого ылайыктуу экенин баамдашып, жыйынтыгында ал марафонго да катыша баштаган. Юлия Пекинде (58-орун) жана Лондондо өткөн Олимпиадаларга (60-орун) катышууга жетишкен.