Юньнань тайпак тоосу - Кытайдын түштүгүндө. Юньнань -Гуйчжоу тайпак тоосунун батыш бийик бөлүгү.

Юньнань тайпак тоосу.

Уз. 1000 кмдей, жазылыгы 400 кмге чейин. Батышында Меконг, Салуин, Хонгха ж. б. д-дын терең өрөөндөрү менен бөлүнгөн, 1800-4000 м бийиктиктеги субмеридиан багытында созулуп жаткан кырка тоолор басымдуу. Чыгышы 1000-1200 мге чейин жапыздап, иретсиз жапыз кырка тоолор жана массивдер мүнөздүү. Негизинен кристалдык жана акиташ тектеринен турат; карст өөрчүгөн. Дайыма жашыл жалбырагы күбүлмө жана сейрек токойлор ээлейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4