Юра мезгили
Юра мезгили (системасы), юра - мезозой заманынын ортосундагы геологиялык мезгил; триастан кийин, бор мезгилинен мурда пайда болгон тоо тектердин геологиялык системасы.
Швейцария менен Франциянын аймагындагы Юра тоосунун аты менен аталган. 1829-ж. франц. геолог А. Броньяр өз алдынча системага 1-жолу болгон. Юра мезгили мындан 190-195 млн жыл мурда башталып, узактыгы 55-58 млн жылга созулган.
Геосинклиналдык аймактар бир кыйла күчтүү кыймылда болушу менен айырмаланып, бүктөлүүлөрдүн таасиринен терең ийилүүлөр болгон. Аларда чополуу кумдук, аки таш тектүү чөкмөлөрдүн калың катмарлары топтолгон. Ийилген жерлер тизмектешип майда аралчалар, дөңсөөлөр менен белүнгөн. Мезгилдин башталышы ургаалдуу бүктөлүүлөр, жанар тоо атылыштары менен мүнөздөлөт. Байыркы киммерий кыймылынан Карпат, Кавказ, Инди-Кытай кырка тоолору, анын аягындагы жаңы киммерий кыймылында геосинклиналь областын курчап жаткан Тынч океан кырчоосу калыптанган. Түндүк жарым шардагы платформалардан бир нече ойдуң (Англия-Париж, Вилюй ж. б.) пайда болот. Мезгилдин башталышында платформалардын ири бөлүктөрү кургак болуп, аларда көмүрлүү чөкмөлөр жана негиздүү лава тектеринин катмарлары (Түштүк Африка, Түштүк Америка, Сибирь) түзүлөт.
Юра мезгилинин ортосу менен аягында деңизде трангрессия процесси жүрүп, кургак жерлерди суу каптайт. Нымдуу климат өкүм сүрүп, ири саздуу шалбаалар, токойлор пайда болот.
Өсүмдүктөрдөн жылаңач уруктуулар (ийне жалбырактуулар ж. б.) жана папоротниктер дүркүрөп өсүп, көмүрлүү катмарлардын пайда болушуна шарт түзөт. Омурткасыз жандыктардан аммониттер жана белемниттердин жаңы түрлөрү жаралган. Учуучу кескелдириктер, алгачкы канаттуу (куш) археоптерикс жана деңиз крокодили пайда болгон. Кургакта жашоочу сойлоочулардын кээ бир түрү (динозаврлар) алп көлөмгө жеткен. Деңизде ихтиозаврлар абдан өөрчүгөн.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.